Баш оона 26, 2025
Убакыт: 04:29
USD
87.10
87.60
EUR
101.70
102.70
RUB
1.070
1.100

Ички иштер министри кетеби, жокпу азыр айта албайм, - Улукбек Марипов

08.04.2021 13:33
1027
Ички иштер министри кетеби, жокпу азыр айта албайм, - Улукбек Марипов

 

Өкмөт үйүнүн алдында бүгүн, 8-апрелде ала качып өлтүрүлгөн Айзаданын окуясы боюнча өтүп жаткан митингдин катышуучулары менен премьер-министр Улукбек Марипов чыгып жолукту.

 

Үн күчөткүчтү алып, сөз сүйлөгөн Улукбек Марипов бул маселе учурда иликтенип жатканын, тиешелүү жетекчилердин кызматтык жоопкерчилиги каралууда экенин билдирди.


Журналисттин: “Министр Улан Ниязбеков кызматтан кетеби?” деген суроосуна премьер-министр Улукбек Марипов: “Бул маселени президент жеке көзөмөлүнө алды, иликтөө иштери жүрүп жатат. Министрдин кызматтык жоопкерчилиги каралып жатат. Бирок министр кетеби, жокпу азыр айта албайм. Иликтөө бүткөндө айтабыз”, - деп билдирди премьер.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн