Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ички иштер министри жаракат алган аскерлерден кабар алды

02.05.2021 19:02
537
Ички иштер министри жаракат алган аскерлерден кабар алды


Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде куралдуу кагылышуунун натыйжасында жаракат алган ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана Ички иштер министрлигинин Ички аскер кызматкерлеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар учурда Бишкектеги ооруканаларда дарыланып жатышат.


Дарыгерлер министрге жабыркагандардын учурдагы абалы жөнүндө айтып беришти. Улан Ниязбеков жабырлануучулар менен баарлашып, алардын ал-акыбалын сурап, тезирээк сакайып кетишин жана кызматка тезирээк кайтып келишин каалады.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн