Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:33
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ички иштер министринин орун басары Токмокто аксакалдын акчасын уурдаган жаранды таба турганын убада кылды

18.10.2022 17:06
315
Ички иштер министринин орун басары Токмокто аксакалдын акчасын уурдаган жаранды таба турганын убада кылды

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Русланбек Жакышов Токмоктогу мал базардан 120 миң сомун уурдаткан жаран боюнча суроо берди.


"Токмоктогу уурулук боюнча маалымат чыккандан кийин аксакалды таптык. Анын арызы кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада кылмышка шектүүлөрдү кармап, жоопкерчиликке тартабыз", — деди Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев.


16-октябрда Токмок шаарындагы мал базарда аксакал кишинин 120 миң сомун уурдап кеткен. Ошол учурда базарда тургандар ага 115 миң 500 сом чогултуп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн