Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 21:33
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Ички иштер министрлиги Түркияга 3 тонна жардам жөнөттү

10.02.2023 10:24
227
Ички иштер министрлиги Түркияга 3 тонна жардам жөнөттү

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Министр жер титирөөдө курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин каалады.


“Түркия жергесинде орун алган оор табигый кырсыкты – жер титирөөнү, анын кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу жана жабыр тарткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана жалпы боордош Түркия элине ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм, ошондой эле кырсыктан жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Жараткан жалпы Түркия элине сабырдуулук, кайраттуулук, чыдамкайлык берип, ылайым тынчтык өкүм сүрүп, кайгылуу окуялардан алыс кылсын”, - деди Ниязбеков.


Жолугушууда Ички иштер министрлигинин атынан 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жиберилгени маалым болду. Анын ичинде жууркан, уктоочу каптар, кичинекей килемчелер, чатырлар жана жылыткычтар бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн