Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында ротациялоо иштери уланууда

23.05.2023 11:22
662
Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында ротациялоо иштери уланууда



ИИМдин ЖКККББнын кызматтарын чыңдоо максатында ички иштер органдарынын жетекчилик курамдарын ротациялоо иштери уланууда. 


ИИМдин буйруктарына ылайык ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Абдукеримов Альберт Маматбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын Талас ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматына, милициянын полковниги Чалыбаев Мирлан Райымбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын Нарын ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматына, милициянын подполковниги Джумагулов Айбек Рыскулович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматына, милициянын подполковниги Жангабылов Бактыбек Кемелович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Нарын ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүнүн башчысы кызматына, милициянын подполковниги Кошматов Асылбек Абдыганиевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн кесиптик даярдык жана өздүк курамы менен иштөө тобунун улук тескөөчүсү кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы кызматына, милициянын подполковниги Исаков Алмазбек Карыпович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Талас ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык укук коргоо органдарынан бошотулду.


         Жаңы дайындалган жетекчилерге, жол кырсыктарын алдын алуу, жол кырсыктарынын санын кыскартуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоону тапшырмалары берилди.


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Азиз Аблабеков
Ийгиликтер болсун