Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:13
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ички коопсуздук аскерлери интернаттын тарбиялануучуларына белек беришти (фото)

02.06.2020 09:05
1384
Ички коопсуздук аскерлери интернаттын тарбиялануучуларына белек беришти (фото)


Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын өкүлдөрү кечээ, 1-июнда Чүй облусунун Красноречинск, Беловодск айылдарында, Жалал-Абад шаарында жана Ош шаарында жайгашкан “Алтын уя” балдар-интернаттарында тарбияланып жаткандарга конокко барышты, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

 

Балдар аларды өзгөчө маанай менен тосуп алышты, анткени коноктор алар үчүн таттуулар менен кошо оюнчуктарды, окуусуна зарыл болгон кеңсе буюмдарын ала барышкан.

 

Аскер кызматкерлери балдарды колбашчылыктын, анын жетекчилигинин атынан майрамдары менен куттуктап, аларды окутуп, тарбиялап, кам көрүп келе жаткан мугалимдерине, тарбиячыларга, мектеп-интернаттын жетекчилерине ыраазычылык билдиришти.

 

Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчылыгы, өздүк курамы мамлекеттин жаркын келечеги болгон балдарды майрамдары менен куттуктап, бактылуу балалык, ачык асман, бекем ден соолук жана келечекте мыкты адамдардан болуусун каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн