Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:56
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Идрис Айитбаев: Сыйлыгыңар өзүңөргө буйрусун

16.01.2021 10:39
1623
Идрис Айитбаев: Сыйлыгыңар өзүңөргө буйрусун



Урматтуу маданият өкүлдөрү, жөн гана элден кечирим сурап койбой маселени абдан ырбатып салдыңар. Эл менен эсептешпей эси жоктукту уланта бергендин айынан ушул жерге келдиңер. Эң башында жөн эле кечирим сурап койбой өзүм билемдик кылдыңар. Кайра чыккан кайрылууңарда кечирим сурар бекен деп отурган элге кайра актанып отурасың ар. Элден уялуу жок кайра көптүңөр, натыйжада элдин да кыжыры келди. Кыргызстандай эркиндик дүйнөнүн бир да мамлекетинде жок. Биз азыр демократия деп аталган сөгүнүп сүйлөгөн дабдырлыктын курманы болуп жатабыз. Сөгүнүү менен сөз эркиндигинин айырмасы болот. Ошол балдар ошол эфирди элге же ютуб каналга жарыялабай, ата-энең, бала-чакаңды кошуп алып бир бөлмөдө каалагандай сөгүшүп отура бербейт белең... 


Өзүңөрчө:

-Мамлекеттик каналга чыккан жокпуз

-Өзүбүзчө сөгүнүп отурдук, башка эч кимди сөкпөдүк

-±18 же сөгүнүү бар деп эскерттик

-сөз эркиндиги кайда

-эфирди көргөн балдардын өзүнүн акылы бар

-мен да наамды тапшырам

-мыйзам боюнча тартып ала албайт... 

-наамдын пайдасы жок, бул эскилик дейсиңер... Булар шылтоо эмес. 


Абийир, намыс маселеси кайда. Элди мындай кой. Өз эфириңди ата-энең, аялың, бала-чакаң менен чогуу отуруп көрө аласыңбы. Азыр көп адамдар мамлекеттик теле каналдарды көрбөй калды. Айрыкча жаштар соцтармакта жашап калды. Силердин эфир толтура жаштарды уулап жатат. Ал эми сыйлык же наам маселесине келсек. Мамлекет да, эл да силердеги наамдын кайра алынуусуна муктаж эмес. Мен да алынуусуна каршымын. Калсын... Ошол наам менен эл аралап жүргөндө уялбай турган иштерди кылгыла эми. Билем баарың менден чоңсуң. Бирок өзүңөрдүн өлкөңөрдү, элиңерди сыйлагыла... 


20 жылдык тажрыйбасы бар айдоочу кайсы бир жерден ката кетирип кырсыкка учураса. Мыйзам анын 20 жылдык тажрыйбасын эске албайт. Ошол учурдагы кетирген катасын көзгө алат. Ушуга чейин маданиятта кылган же тапкан кадыр-баркыңды ушул сыяктуу уят иштер менен жууп салба. Кашыктап чогулткан кадырыңды казаны менен оодарба... 


Тоого бийиктеген сайын кадамыңды ойлоп таштайсың. Бир эле туура эмес кадамдын айынан ылдыйышка катуу кулайсын. Кайра ошол жерге келе албай турганчалык дене мүчөлөрүңдү сындырып же оорутуп аласың. Ошондуктан ар дайым абайлап басасын. Жетсе да башың булутка, жерде экениң унутпа... 


Урматтуу Курал мырза жана анын айланасындагы башка маданият өкүлдөрү. Эл менен элдешкенге аракет кылгыла жана эл менен эл экениңер эсиңерден чыкпасын. Калк айтса калп айтпайт. Калк аралап жүрө турган кадырлуу иштер кылалы. Мен маданият майданына кадам аттаганыма эми жети жыл болду. Акыл айтканга акым жоктур балким. Менден кичүүлөра да сүйлөп жатканынан улам аралаштым. Эсиң барда этегиңди жап. Кийимди жаңысынан, абийириңди жаштыгыңан сакта деп бекеринен айтылган эмес. Жаңы кийимиңди жыртып алсаң, тигип алып кийесиң. Тигилген жер көрүнүп - билинип калат бирок. Абийириңди да төгүп алсаң эл эсинен кетпей сактала берет. "Кайсы ырчы? - баягы сөгүнгөн ырчы!" - деген сыяктуу жыртылган же төгүлгөн жерден эстеле бересиң. Аллах адашуудан сактасын... 


Урматтуу маданият өкүлдөрү! Сыйлыгыңар, наамыңар өзүңөргө буйрусун. Миллиондогон подписчигиңер менен батышты ээрчибей, бабалардын жолу менен басалы!


Бул маданият кызматкерлер менен бир да жолу чай үстүндө маектешкен эмесмин. Ошентсе да алар менен ар дайым достошууга даярмын.


Урматым менен Идрис Айитбаев

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Кермалиева Гулзара
Эн туура айтылган соз.ушул жазганыды маданият окулдору колдонсо бир топ озгормок,жаш болсонда абдан маанилуу соз болду Азаматсын!
Бурулкан Узеновна
Идирис иним айтканына 100% кошулам, сенин айтканын, теменедей акылы бар адамга жетет чыгар, кашыктап чогулткан абийирин токкон маданиятта орду бар бир тугундарыбызга сабак болсун.