Бугу 22, 2024
Убакыт: 00:24
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Илхам Алиевдин Бишкекке болгон иш сапарында кандай маселелер каралат?

10.10.2022 11:47
319
Илхам Алиевдин Бишкекке болгон иш сапарында кандай маселелер каралат?


  1. Үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

  2. Анын сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
  3.  
  4. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

  5. Сапардын жүрүшүндө Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү да пландалууда.

  6. Мындан тышкары, алдыдагы мамлекеттик сапардын алкагында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви  атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн