Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Илхам Алиевдин иш сапары. Бишкекте 11-12-октябрда бир нече көчөлөргө чектөө киргизилет (тизме)

10.10.2022 10:58
290
Илхам Алиевдин иш сапары. Бишкекте 11-12-октябрда бир нече көчөлөргө чектөө киргизилет (тизме)

11-12-октябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчиси Манас Сыдыгалиев билдирди.


"Иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Жол тыгындарды болтурбоо үчүн жол эрежесин жана жолдо жүрүү эрежелерин, ошондой эле айдоочулук маданияттуулукту сактаңыз. Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка аймактарына учуп кетүүчү жарандарды "Манас" аэропортуна алдын ала келүүсүн суранабыз", - дейт ал.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчиси Манас Сыдыгалиев кортеждер өтүүдө гана унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилерин белгилейт.


"Ал эми жол боюнча кароосуз калган унаалар эвакуацияланат", - деди Сыдыгалиев.


11-12-октябрда төмөнкү жолдор убактылуу жабылат:

- "Манас" аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Мамлекеттик резиденциядан Байтик Баатыр көчөсү менен А.Токомбаев көчөсүнө чейин;
- Ч.Айтматов проспектисинен Ахунбаева көчөсү менен Достоевский көчөсүнө чейин;
- Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
- Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн