КТРКнын мурдагы башкы директору, медиа эксперт Илим Карыпбеков эки жумадан бери өпкөнүн эки тараптуу сезгенүүсү менен жабыркап жатат. Бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ал эки жумадан бери ооруп жатат, өпкөсүнүн 56 пайызы жабыркаган. Адегенде өзү сакайып кетүүгө аракет кылган, бирок дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлгөндүктөн Улуттук госпиталга жаткарылган.
“Учурда палаталар бейтаптарга толуп калды, негизинен 30-50 жаштардагы ден соолугу чың, жаш эле адамдар. Кээ биринин оорусу күчөп, реанимацияга түшүп жатышат. Палаталарда дем жетпей жаткан кыйналуулар. Коридордун баары көк жөтөл, дем жетпей жаткандагы үндөр угулуп жатат" - деди Карыпбеков.
Ошондой эле ал толуп калган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча дарыгерлер жан үрөп иштеп жатканын айтып, мед айымдар, врачтар жетишпей чуркап жүрүшкөнүн белгиледи. "COVID-19 же пневмониянын кесепетинен баса албай келген бейтаптарды көтөрүүгө күчтөрү жетпей, бизден жардам сурашат. Бейтаптарды каталкага салууга жардам беребиз, жандандыруу бөлүмүнө алып жөнөшөт", - деп айтты Илим Карыпбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн