Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны өттү

24.11.2021 15:41
658
Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына караштуу Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынынын өткөрдү, анын курамына илим, экономика жана инновациялар тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда атамекендик илимдин натыйжалуулугун жогорулатуунун актуалдуу маселелери жана механизмдери, ошондой эле илим жана инновациялар жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууга мүмкүн болгон кадамдар боюнча маалымат угулду.


Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле илим чөйрөсүндөгү көйгөйлүү аспектилерди да талкуулап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө атамекендик илимдин салымы жетишсиз экендигин белгилешти.


Иш-чаранын жыйынтыгында Кеңештин мүчөлөрү тарабынан илимди өнүктүрүүгө болгон мамилени жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлер айтылып, тиешелүү чечим долбоору түзүлдү.


Мындан тышкары, жакынкы арада Министрлер Кабинетинин башчысынын төрагалыгы астында Кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн