Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Илимпоздор көздүн курчтугун сактап калуучу татымды аташты

16.04.2020 08:44
924
Илимпоздор көздүн курчтугун сактап калуучу татымды аташты

 

Австралиялык илимпоздор бир нече изилдөө жүргүзүп, натыйжада жаш улгайганда көздүн курчтугун сактап калуучу татымды аташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Сидней университетинин илимпоздор тобу табигый антиоксидант менен шафрандын организмге тийгизген таасирин деталдуу изилдеп, көз менен анын көрүүсүнө кандай таасир берерин аныкташкан. Изилдөөнүн жүрүшүндө калоочуларды эки топко бөлгөн.


Үч ай аралыгында бир тобу шафран камтылган капсулаларды ичишкен, ал эми экинчи топко плацебо капсуласын берген. Жыйынтыгында окумуштуулар шафран колдонгон адамдардын көрүүсү жакшырганын байкашкан, бирок бул эффект алар аталган каражатты колдонгон учурда гана байкалган.


Арадан убакыттар өткөндөн кийин катышуучулардын көрүүлөрү начарлап кайра кайрылышкан. Изилдөө жүргүзгөн илимпоздордун бири татымдар клеткалардын кабыгын ийкемдүү кылып, убактылуу көздүн көрүүсүн жакшыртарын айткан.


Эксперттер шафранды жашы улгайган жана көрүүсүндө көйгөй барларды колдонуга кеңеш берген. Бирок аны колдонордун алдында дарыгер менен кеңешүү керектигин, анткени татымдын терс натыйжа берүүсү да мүмкүндүгүн эскертишет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн