Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Инаугурацияны уюштуруу комитети аземдин сценарийин өзгөрттү

22.01.2021 19:34
740
Инаугурацияны уюштуруу комитети  аземдин сценарийин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси — Мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 22-январда, өлкө Президентинин милдетин аткаруучунун 2021-жылдын 20-январындагы Жарлыгы менен түзүлгөн уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.


Жыйында ал иш-чарага даярдык көрүүгө байланыштуу учурдагы уюштуруу маселелерине токтолду.


Жыйындын катышуучулары инаугурация аземин даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасынын долбооруна бир катар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишти.


Ошондой эле, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана жарандардын коомдук коопсуздугу үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыз кылуу милдеттери коюлду.


Жыйындын жыйынтыгында уюштуруу комитетинин мүчөлөрү түзөтүүлөрдү эске алуу менен инаугурация аземин даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасын жактырышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн