27-октябрда Нью-Делидеги Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто КР жараны А.Ж. мыйзамсыз түрдө ири өлчөмдө алтын алып өтүүгө байланыштуу кармалды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Индиядагы элчилиги тастыктады.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Индиянын компетенттүү ведомстволору менен бирге кармалгандардын жагдайын тактоо жана консулдук жардам көрсөтүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Министрлик бул маселени көзөмөлгө алууда, деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн