Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:40
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Индияда коронавирустун "дельта плюс" жаңы түрү катталды

Индияда коронавирустун "дельта плюс" жаңы түрү катталды

Индиянын Махараштра штатында коронавирустун "дельта плюс" (B.1.617.2.1) деп аталган жаңы штаммын жуктурган 20 учур катталды. Бул тууралуу Индиянын медициналык билим берүү жана изилдөө башкармалыгынын башчысы, дарыгер Т. П. Лахан India TV телеканалына маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды.


"Биз "дельта плюс" штаммын Нави-Мумбай, Палгар жана Ратнагири шаарларынан каттадык. Алардын үлгүлөрүн анализге жиберип, отчет күтүп жатабыз", — деди Лахан.


Коронавирустун жаңы штаммын жуктурган беш учур Ратнагири шаарынан табылган. Илдет илештирген эки адамда эч бир белги байкалган эмес. Вирустун жаңы штаммынын жайылуусун алдын алуу үчүн бийлик мутация табылган райондорду жапканы маалым болду.

Коронавирустун B.1.617 штаммы Индияда 2020-жылдын 5-октябрында катталган. Бул штамм андан бери бир топ мамлекетте да табылды. Дарыгерлердин айтымында, дал ушул мутация Индияда коронавирустун экинчи толкунунун башталышына себеп болгон.


Булак: "Спутник Кыргызстан"


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн