Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:16
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Индиядагы мейманканада кыргызстандык турист асынып алган жеринен табылды

Индиядагы мейманканада кыргызстандык турист асынып алган жеринен табылды


Индиянын Ришикеш шаарындагы мейманканалардын биринде кыргызстандык 32 жаштагы турист асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу The Times of India басылмасы жазып чыкты.


Полициянын маалыматына караганда, аял кондиционердин шнуруна асынып, өз жанын кыйган.


Кабарларга караганда, А.К. 12-декабрда Сатя Садхана Санстхан ашрамында медитация программасынан өтүү үчүн чет элдик туристтер тобу менен бирге Ришикешке келген.


2-январда курсту аяктагандан кийин ал Holiday Home мейманканасына жайгашты. Аял 3-январь күнү дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк ал Raj Resort мейманканасындагы кулпусу ачык бөлмөдө асынып алган абалда табылган.


«Биз анын курбусунун арызынын негизинде дайынсыз жоголду деп каттаганбыз. Ал ортодо мейманкананын ээси өз бөлмөсүндө асынып турган аял табылганын бизге билдирди. Сөөк экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштерин баштадык», - деди полициянын улук инспектору Ритеш Саха.


Аялдын курбусунун айтымында, ал үй-бүлөлүк көйгөйлөргө тынчсызданып жатканын айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн