Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Индиядан 22 жаран Кыргызстанга алынып келди

26.05.2020 10:30
1011
Индиядан 22 жаран Кыргызстанга алынып келди


Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди, алар «Air India» авиакомпаниясынын «Дели-Бишкек-Дели» маршруту боюнча Индия тарабынан Кыргызстандын жарандарын чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.


Республикалык штабдан маалымдагандай, Индия тарап менен жетишилген келишимге ылайык, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын көбү дарылануу жана ар кандай иштерди аткаруу жана башка максаттар менен Индияда болушкан. 


Азыркы учурда бардык келгендер белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды. Мамлекет башчысы койгон милдеттерди аткаруу, анын ичинде чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча дагы улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн