Индонезиянын Синабунг вулканы бүгүн, 2-мартта жарылды. Окуя эртең мененки убакта болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Жанар тоо асманга 3 километрдей күл жана түтүн чачыратып, 2020-жылдын 23-августунан бери алгачкы ири кыймылын көрсөттү.
Индонезияда акыркы жарылуулар январь айында Ява аралындагы Мерапи жанар тоосунда болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн