Индонезиянын Батыш Сулавести аралындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35 кишиге жетти. Жабыркагандар 50дөн ашты. Индонезиянын атайын кызматынын билдирүүсү боюнча , силкинүүнүн күчү 6,2 баллга чейин жеткен. Таңга маал болгон бул окуядан улам миңдеген адамдар үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.
Өлкө бийлигинин маалыматы боюнча, зилзаладан улам жер көчүп, 60дан ашык үйдү, эки мейманкананы, провинциянын губернаторунун кеңсесин басып калган.
Жергиликтүү метеорологиялык агенттик жер кайра силкиниши мүмкүн экенин эскертүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн