Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 07:36
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Индонезиянын президенти дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу Жапаровго куттуктоо жолдоду

05.04.2023 12:59
309
Индонезиянын президенти дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу Жапаровго куттуктоо жолдоду

Индонезия Республикасынын президенти Джоко Видодо Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


“Ушул маанилүү окуяга байланыштуу Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн жана элинин атынан 1993-жылдын 5-апрелинде түзүлгөн Индонезия Республикасы менен дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу ысык саламымды жана куттуктоомду билдиргим келет.


Акыркы отуз жылдын ичинде биздин эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз мамиле конструктивдүү түрдө бекемделип келгенин белгилеп кетүүгө кубанычтамын. Ал мамиле азыр, жакынкы жылдарда, келечекте да өнүгө берерине толук ишенемин.


Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Индонезиянын эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык форумдарда да ар түрдүү тармактарда кызматташуубузду бекемдөөгө умтулуусун дагы бир жолу ырастайм”, - деп айтылат жолдонгон катта.


Джоко Видодо Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине чың ден соолук, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн