Бугу 13, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Интернеттеги социалдык түйүндөрдү көзөмөлдөө учуру келдиби?

17.03.2021 12:35
787
Интернеттеги социалдык түйүндөрдү көзөмөлдөө учуру келдиби?


Кечээ жакында эле, тактап айтсак 15-мартта «Бийликти күч менен басып алууга чакырган» деп шектелип жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу («Фейсбукта» Тилекмат Куренов деп катталган) укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Учурда анын баш коргоо чарасы Свердлов райондук сотунда каралууда. Ал өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу чек ара, коррупция, кадрдык саясат жана жаңы Конституциянын долбоору тууралуу бийликти сындаган постторду жарыялап келген. Ал акыркы постунда элди апрель айында митингге чыгууга да үндөгөн.


Ошентип ал камакка алынгандан кийин, укук коргоо кызматкерлери тарабынан жашаган үйүндө да тинтүү жүргүзүлдү. Тилекмат Кудайберген уулун коргоп, колдоп чыккан жаш саясатчы, «Ханституция каршы» борборунун төрагасы Жеңиш Молдакматовдун кеңсесинде да тинтүү жүргүзүлгөнүн соцтүйүндөр аркылуу көрдүк.


Көп өтпөй, 16-мартта Ж. Молдакматов дагы бир жарандык активист Камчы Нурбек уулунун да дайынсыз болуп жатканын кабарлады. Ал дагы Жетим-Тоо, Кумтөр жана Конституциянын жаңы долбооруна каршы пикирин билдирип жүргөн.


Эске сала кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров башынан эле эми мындан ары эч кимге саясий куугунтук болбой турганын айтып келет. Кечээ жакында эле «Азаттыкка» курган маегинде да бул сөзүн кайталаган. Сөз эркиндиги корголо турганын, Кыргызстан демократиялуу мамлекет боюнча кала турганын айткан эле. Бирок, жогорудагы жарандык активисттердин кармалышы эмнегедир кандайдыр бир деңгээлде саясий куугунтуктардын башталып жатканын кабарлап тургансыйт.


Ырас, интернеттеги социалдык түйүндөрдү контролдоп туруу зарыл. Себеби, анда элибиздин ынтымагына, өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетире турган түрдүү чакырыктар жасалып кетиши мүмкүн. Анын үстүнө «Фейк-аккаунттардын» артына жашырынып алып, ар кандай саясий күчтөрдүн кызыкчылыгында иш жүргүзгөндөр да жок эмес. Бирок, соцтүйүндөрдү контролдоо бир тараптуу гана болбошу маанилүү. Тактап айтсак, бийликке сын айткандарга карата гана контроль болушу туура эмес. Ошол эле соцтүйүндөрдө бийликке эмес, жеке адамдардын дарегине карата түрдүү коркутуу-үркүтүү жасагандар да толтура. «Ат менен сүйрөтүп кетебиз», «Оңбой каласың», «Жөн эле жанчып салабыз» деген сыяктуу коркутууларды видеокайрылуу аркылуу жасагандар деле ээн-эркин жүрөт. Болбосо, мындай коркутуулар адам өмүрүнө кол салам деген эле коркутуу экени, ага Кыргызстандын мыйзамдарында жоопкерчилик карала турганы белгилүү. Эмнеге алар көзөмөлгө алынбайт?


Ушундан улам өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуштап, парламентте үчүнчү окуудан кабыл алынып, бирок жарандык коомдун пикиринен улам президент тарабынан кайра аркага кайтарылган «Маалыматты манипуляциялоо боюнча» мыйзам долбоорун кайрадан караш керекпи деген суроо жаралат. Ошондо интернеттеги социалдык түйүндөрдү көзөмөлгө алууга шарт түзүлмөк. Албетте, муну менен сөз эркиндигин кысуу керек деген түшүнүк болбошу зарыл. Ар бир жаран өз оюн, пикирин эркин айтууга укуктуу бойдон калат. Болгону мыйзамдан тышкары келген, кимдир-бирөөнү далилсиз каралаган, коркутуп-үркүткөндөргө жана ушак-айың тараткандарга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралмак.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн