Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Интерполдун издөөсүндө жүргөн Болгария жараны Кыргызстанда үйлөнүп алган

11.03.2021 10:10
759
Интерполдун издөөсүндө жүргөн Болгария жараны Кыргызстанда үйлөнүп алган



Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Болгариянын жаранын кармашты.Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


 2021-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу Бишкек ШИИББдин МККБнын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүшкөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1970-жылы туулган К.Г аттуу жаранды кармашкан. Кармалган адам Болгариянын жараны болот. Өз өлкөсүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү каржы алдамчылыгы, салыкты төлөөдөн качуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн. 


 Алынган маалымат боюнча кылмыш иши 2010-жылы жасалган. Бирок укук коргоо органдары 2018-жылы ага издөө жарыялашкан. Азыркы учурда эл аралык издөөгө алган тарап Софиядагы Интерпол Улуттук борбордук бюросу (Болгария) кабарланды. 


   Маалым болгондой, кармалган жаран Бишкекке 2018-жылы келип, тергөөдөн жышырынып жүргөн жана жергиликтүү тургунга (аял киши) үйлөнүүгө дагы үлгүргөн. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, экстрадициялоо маселеси Башкы прокуратуранын ыйгарымына кирет. 


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн