Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Инвестициялык климатты жакшыртуу кагазда эле калып калбайбы?

23.06.2021 14:35
1465
Инвестициялык климатты жакшыртуу кагазда эле калып калбайбы?


Бизде бардык президенттер инвесторлорду коргоп, колдоо боюнча тийешелүү буйрук, жарлыктарды чыгарып, тапшырмаларды берип, милдеттерди белгилейт. Бирок тилекке каршы, ал нерселер кагаз жүзүндө эле калып, иш жүзүндө абал такыр башка. Инвесторлор агылып келип, инвестициялык климат жакшырып кеткен жок. Президент С.Жапаров да бул маселеге кайрылды. Ишкерлер менен инвесторлордун мүлктөрүнүн, салган акчаларынын корголооруна кепилдик берүү менен алар үчүн адилеттүү жана жагымдуу шарттарды түзүү керектигин баса белгиледи.

Буга чейинкилердей эле айтылган, белгиленген сөздөрдөн болуп калабы, же натыйжа болуп, инвестиция жаатындагы кырдаал жакшырабы, убакыт көрсөтөр. Бирок өлкө башчынын инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртам деген аракеттери колдоого аларлык. 


Мирлан Дүйшенбаев, журналист

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн