Баш оона 19, 2022
Убакыт: 12:03
USD
82.50
83.50
EUR
84.00
85.00
RUB
1.310
1.380

Ирандагы суу каптоо ондогон адамдардын өмүрүн жалмады. Жапаров Эбрахим Раисиге көңүл айтты

02.08.2022 18:10
270
Ирандагы суу каптоо ондогон адамдардын өмүрүн жалмады. Жапаров Эбрахим Раисиге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Иран Ислам Республикасынын көптөгөн аймактарын нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары бүлгүнгө учуратып, адам курмандыктарына алып келгендиги тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыр тарткан жарандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн