Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ырчы Алмаз Шаадаев мас болуп, жол эрежесин бузду деп айыптагандарды сотко берет (видео)

28.04.2021 14:42
3770
Ырчы Алмаз Шаадаев мас болуп, жол эрежесин бузду деп айыптагандарды сотко берет (видео)



Ичип алып, жол эрежесин бузду деген айып менен ырчыларды камереге тартып, коомчулукка жар салып жиберүүнү бизнеске айландырып алышыптыр, деп билдирди ырчы Алмаз Шаадаев Ютубдагы “Канат Шоумен” каналына берген маегинде.

 

Ырчынын айтымында, “Нью ТВ” телеканалы патрулдук милиция кызматкерлери менен биригип, унаа айдап кетип бара жаткан жеринен жол эрежесин буздуң деген шек менен токтоткон.


Бул мындан бир ай мурда болгон окуя болчу. Бирок Орозонун ортосунда, так ушул күнгө туштап жар салып жаткандарына “алкыш жана кол чабуулар” болсун. Эгерде кичине жакшыраак адам болгондо Орозо бүткөндөн кийин деле жаманатты кылганга жетишмек. Кандай адамдар, кандай максатта тартканы түшүнүктүү”, - деди Алмаз Шаадаев.


Анын айтуусу боюнча, эреже бузулган эмес. Ага карабай артынан түшүп, токтоттурушкан. “Себеби, ырчыларды токтотуу аларга майдай жагат экен. Хайптын аркасы менен көрүүчүлөрүн көбөйтүнү көздөшөт окшойт. Ал жерде “чеккенсизби?, ичкенсизби?” деген суроолорду беришти. Мен өмүрү андайларды колдонгон эмесмин. Камера жок жерде ГАИ кызматкерлери менен сүйлөшүүгө барып, маселени чечип кетесиң. Ал эми камеранын алдында алар дагы жыйынтык көрсөтүш керек экен” – дейт ырчы.


Мындан улам адамдык укугуна шек келтиргени үчүн “Нью ТВ” каналынын журналисттерин сотко берүүнү жана аягына чейин күрөшүүнү ниеттенип жатканын билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн