Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ырчы Алтынай Нарбаеванын үйүн суу каптады (видео)

10.05.2021 13:33
1666
Ырчы Алтынай Нарбаеванын үйүн суу каптады (видео)

Ырчы Алтынай Нарбаеванын үйүн суу каптады. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.


“Кутман таң, достор, замандаштар! Ар бир күн ийгилик менен коштолсун! Биз болсо “жумушка, бала бакчага, мектепке,  аптека, дүкөнгө кантип барабыз?”,-деген көйгөй менен олтурабыз. “Арык кылбайсыздарбы, цемент менен тоспойсуздарбы, өзуңөр жасабайсыңарбы, уялбайсыңарбы?”,- деген комментарийлер тойгузду. Мүмкүн эмес, баарына аракет кылганбыз, натыйжа жок. Бул канализациянын өйдөңкү үйдөн келген өтө сасык суусу. Жашоочулар, пенсионерлер, оорукчан, кары-картаңдар, ата-энелер, жаш балдар. Канча кайрылдык, убактылуу тазалайт, кайра эле жамгыр жааганда бизде трагедия. 

Жардам керек, жардам керек... вирустун баары ушул сууда. Жарандардын ден соолугуна кайдыгер карабаңыздар!!! Кантип сыртка чыгабыз?”,-деп жазган Алтынай Нарбаева.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн