Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:19
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ырчы Анжеликанын сүрөтү Америкадагы журналга жарыяланды (фото)

09.12.2021 12:26
2031
Ырчы Анжеликанын сүрөтү Америкадагы журналга жарыяланды (фото)

Кыргызстандык ырчы айым Анжелика Кайратова Америкадагы “MOSCOW Tonight mag” журналынын башкы бетинен орун алды. Бул тууралуу журналдын Instagram баракчасына жарыяланды.


Маалыматка ылайык, ырчы Анжелика журналга интервью берген жана жакын арада толугу менен жарыяланат.


“Достор, биздин декабрь айына арналган №1 саныбыз жарыкка чыкты. Журналдын башкы бетине чыныгы супер айым, ырчы, актриса, продюсер, көптөгөн фонддордун меценанты, үлгүлүү ишкер айым Анжелика Кайратовна менен тааныштырабыз. Супер айым менен болгон эксклюзивдүү интервьюну жакында окуй аласыздар. Ошондой эле номердин ичинен эң мыкты голливуд актерлорунун өмүр таржымалдарын окуй аласыздар”, — деп жазылат журналдын социалдык баракчаларында.


Ал эми Анжелика Кайратова өзүнүн баракчасына бул жаңылыкты төмөндөгүчө сүйүнчүлөдү: “Америкада @moscowtonightmag журналы башкы бетке мени МЫКТЫ ИНФЛЮЭНСЕР деп таап, чыгарып жатышат. Мен ыйлап жатам, сүйүнүп жатам. Кыргыз кызы — америка журналынын башкы бетинде”, — деп жазат ал.


Түшүндүрмө: Инфлюэнсер (англ. influence — таасир), социалдык түйүндөрдө – кенен аудиториясы бар колдонуучу. Башкача айтканда анын посттору катталуучуларына пайдалуу таасир бере алган блогер деп атоого болот.


Булак: "Жетинчи канал"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн