Бугу 12, 2024
Убакыт: 12:49
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ырчы Самара Каримова жолдошу менен жол кырсыгына кабылды

26.07.2021 22:48
3197
Ырчы Самара Каримова жолдошу менен жол кырсыгына кабылды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында ырчы "Супер.кг" порталына билдирген.


Ал эми окуя боюнча ырчынын жолдошу Асан мырзага байланышканыбызда маалыматты тастыктап, кыскача буларга токтолду.


«Кечээ Оштон Бишкекке бара жатып Токтогулдан жол кырсыгына учурадык. Рулда мен болчумун, баары жакшы. Эч кандай жаракат алган жокпуз. Токтогул аймактык ооруканасына кайрылып, тиешелүү медициналык жардам алып кеткенбиз. Учурда Токтогулдабыз, Бишкекке болгон сапарыбызды улайын деп турабыз», — деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн