Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:07
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ырчы Токтобүбү Черикчиева: Бул сыйлыкты кеч болсо да алдым

03.04.2021 17:55
2951
Ырчы Токтобүбү Черикчиева: Бул сыйлыкты кеч болсо да алдым


Кечээ, 2-апрелде президент Садыр Жапаровдун колунан “КР эмгек сиңирген артисти” наамын алып, кубанычы койнуна батпай сүйүнүп турган кыргыздын атактуу, белдүү ырчы, аткаруучусу Токтобүбү Черикчиева “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек куруп, өзүнүн таасирлери тууралуу бөлүштү.


- Бул сыйлыкты алаарыңызды былтыр август айында жарлык чыкканда эле билгенсиз да, ошентсе дагы ажоонун тапшыруусу учурунда кандай таасирлер болду?


- Сыйлыкты алып жатканда дароо көзү өтүп кеткен апамды эстедим. Чыгармачылыктын алтын босогосун аттаткан өзүмдүн апам болгон. Кичине чагымда комузга катыштырып, музыка дүйнөсүнө шыктануума, бул өнөрдү андан ары улап кетүүмө апамдын эмгеги абдан зор болгон. Өмүрүнүн акырына чейин балдарымды багышып, өтө чоң колдоо көрсөткөн. Ошондуктан дайыма менин эң чоң демөөрчүм, тирөөчүм апам эле деп айтып келем. Сыйлыкты алуу учурунда алдымдагылар кол чаап жатканда ушунчалык ойго батып жаман болдум - ушул бакытты апам көрүп калса эмне деп толкунданып, бушайман болуп, башкача абалда турдум. Өз баласынын ийгилигине ата-эненин кубанып турганы кандай бакыт, кандай жакшы? Андыктан мен бул сыйлыгымды апама арнадым.


- Сыйлыгыңыз чыгармачылыкка мындан ары да батыл киришүүгө эргүү жаратса керек...


- “Темирди ысыгында чап” дегендей, убагында күүлү-күчтүү болуп, эл арасында популярдуулукту жаратып турган учурда берилгенде балким мындан чоң стимул болмок. Мен ойлойм, жаш кезинде чыгармачылыкка баш оту менен киришип, дүркүрөп иштеп турган учурунда берилсе, мындан да чоң шыктанууну жаратат. Мындай сыйлыкка татыктуу болуп туруп, албай кеткен канча деген укмуш таланттарыбыз, эмгеги акталбай калган инсандарыбыз, улуу жаратман аксакалдарыбыз өтүп кеткен. Бирок Кудайга шүгүр, таптакыр кур калгандан көрө кеч болсо да алдым.


- Кечээ наам алгандардын бардыгын өз көзүңүз менен көрдүңүз да. Сиз жакшы билген адам катары искусство тармагындагы сыйлык алгандардын баарына татыктуу берилди деп эсептейсизби?


- Албетте, татыктуу алгандар болду. Чындап жүрөгүм жылып, алар үчүн сүйүндүм. Мисалы, оркестрда иштеп жүргөн Дүйшөн байке, комузчу Рахат Көчөрбаевге берилгени абдан кубанычтуу болду. Комуз аралашкан бүт орожировка ушул Рахаттын эмгегине таандык экенин жакшы билесиздер. Атактуу актриса Шайгүл Алсеитованын “Эл артисти” наамын алганы, ырчы, аткаруучу Гүлмайрам Момушовага “Эл артисти” наамы ыйгарылганы абдан сүйүнүчтүү кабар болду. Арасында анча-мынча эрте берилип кеткендерди эсепке албаганда, күчтүү профессионал, өз ишин мыкты билген чеберлердин мээнети аталды деп эсептейм жана мындан ары да ушундай уланат деп ишенем. Мени менен чогуу алган бардык сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктайм.


- Жакында той бере турганыңызды угуп калды. Ал тууралуу да айта кетсеңиз...


- Мурдагы жылы 50 жаш мааракеме карата концертимди бергенмин. Юбилей болгондой кийин бир жыл өткөрүп берет эмеспи, ошого байланыштуу былтыр той берейин деп жүрүп, карантин болуп калгандыктан болбой калган эле. Буюрса, 5-апрелде Бишкектеги ресторандардын биринде 50 жаш курагымды белгилеп коюуну чечтим. Ага даярдык көрүп жүргөн чагымда удаалаш эле минтип сыйлык тапшырылып калды. Экөөнү бириктирип элден бата алайын деп атам. Жоро-жолдошторду, чыгармачылыктагы досторумду, бир туугандарымды жана башка менин эң жакындарымды чакырайын деген ниеттемин. Ушунча тааныштарым көп экен, тойго чакыруу бербей калган катыштарым таарынып атышат. Эми ресторанды чоё албайт экенсиң да, айла жок.


- Чыгармачылыкта алдыда кандай пландар бар?


- Эми “Эмгек сиңирген артист” наамын алгандан кийин ошого татыктуу жүрүш керек. Бүттү, сыйлыкты алып койдук дебестен, андан аркы “Эл артистин” алууга эмгектениш керек. Мындан ары дагы жакшылап иштеп, чыгармачылыкка билек түрүнө киришүү милдети турат.

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эрнис
Токтобубу эже сиз чындыгында сонун ырдайсыз аман болдунуз!!!