Ырчы, аткаруучу жана тамада Болот Тасмаев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармак аркылуу билдирүү таркатты.
Алдын ала маалыматтар боюнча ырчынын кант диабети көтөрүлүп кеткен.
Белгилей кетсек, Болот Тасмаев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен айылында төрөлгөн. Ырчы "Аманат", "Сен билген жоксуң", “Оо кыздар” жана башка ырлары менен белгилүү.
“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн