Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Исаков менен бирге коррупцияга шектелгендер абакта карантинге алынды

28.04.2020 13:57
976
Исаков менен бирге коррупцияга шектелгендер абакта карантинге алынды


Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Салайдин Авазов жазаларын өтөөгө барган абактарда карантинге алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, алар 14 күн обсервацияда болуп, медициналык кызматкерлер, психологдор жана мекеменин башка кызматкерлеринин көзөмөлдөрүндө болушат.


"Сапар Исаков жана башка соттолгондор түзөтүү абагынын башчысына анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн арыз менен кайрыла алышат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жаңы соттолгондордун, анын ичинде Исаковдун, Сатыбалдиевдин жана Авазовдун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эч кандай өтүнүчү болгон жок. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери менен жеке сүйлөшүү учурунда Сапар Исаков Замир Жоошев менен жолугушууну жана сүйлөшүүнү каалабагандыгын билдирди”, - деп айтылат маалыматта.


Эске салсак, комиссиянын чечимине ылайык С.Исаков жалпы режимдеги №8 мекемеде (Москва районундагы Петровка айылында), Жантөрө Сатыбалдиев жалпы режимдеги №47 мекемеде (Бишкек шаарында), Салайдин Авазов жалпы режимдеги №27 мекемеде (Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында) жаза өтөйт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн