Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Исанов көчөсүнүн бир тараптуу бөлүгү узартылат

10.03.2023 18:44
255
Исанов көчөсүнүн бир тараптуу бөлүгү узартылат

15-марттан тарта Исанов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү бир тараптуу болот.


Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Исанов көчөсүнүн аталган бөлүгү менен түштүк багытында гана жүрүүгө болот.


Мындай чечим жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды.


Белгилей кетсек, Милициянын кайгуул кызматы тарабынан Исанов - Токтогул - Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлгөн иликтөө Исанов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан унаалардын агымы Москва көчөсүнөн бурулуп бара жаткан унаалардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болуп, унаа тыгынын жаратканын көрсөткөн. Айдоочулар түндүк багытында Тоголок Молдо көчөсү менен жүрө алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн