Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 04:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Исхак Масалиев: Жаңы Конституция кабыл алынса, кайра президенттик шайлоо өтүшү керек

19.01.2021 10:22
1900
Исхак Масалиев: Жаңы Конституция кабыл алынса, кайра президенттик шайлоо өтүшү керек


Саясатчы Исхак Масалиев жаңы Баш мыйзам кабыл ала турган болсо кайра президенттик шайлоо өтүшү керек деген пикирин билдирген. Ал “Модератор” сайтына берген маегинде Садыр Жапаров үчүн 1 миллиондон ашуун шайлоочу азыркы Конституциядагы президенттин ыйгарым укуктары үчүн добуш бергенин айткан.


Учурда 80 депутат сунуштаган долбоор талкууланып жатат. Эгер биз алар сунуштаган долбоорду кабыл ала турган болсок супер президенттик башкарууга өтөбүз. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин мыйзам боюнча кетели десек кайра президенттик шайлоо өтүшү керек. Миллиондон ашуун адам Садыр Жапаровго азыркы Конституциядагы президенттик кызмат үчүн добуш берди. Ошол президенттик кызматта бүгүн кандай укуктары бар? Эл ошого добуш берди да. Президенттик укуктары кеңейгенден кийин кайра шайлоо болушу керек. Эч бир референдум президенттин мөөнөтүн узарта албайт, кыскара да албайт. Бул референдум боюнча майзамда так жазылган. Референдумга жазып коёбуз деп жатат. Ал туура эмес”, - дейт ал.

 

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Асел
Призидентти эл шайлады коргон жоксунарбы?Эми иштесин,силер эмнени айтсанар ошонун баарын жазай бериш керекпи?Канча жыл депутат болуп эмнени кыйраттынар?Эски депутаттар кетсин!
Сагынбек
Озунордун кызкчылыгынарды ойлобой Элдин,Мамлекеттин, келечегин ойлобойсунарбы болдуда эми ишт кылгыла. Каяктагы шайлоо дебей канткенде Мамлекетибиз деген план тузбойсунорбу асылганынар Садыр Жапаров болуп калды. Призидентти Эл шайлады силер эмес.
Муслимка
Эмнелерди айталбай кыйналып атышат булар...
таа
кайра шайлоо болсо деле жапаров утат