Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Исхак Пирматов 586 млн сомду мамлекетке кайтардыбы?

25.11.2020 15:47
4263
Исхак Пирматов 586 млн сомду мамлекетке кайтардыбы?


Буга чейин Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусунда эл менен жолугуп жатканда 2 аксакал парламент депутаты Исхак Пирматовдун коррупциялык ишин айтып даттанган.


Исхак Пирматов деген бар. Бул киши 586 миллионду жалаң солярка менен бензинге коюп урган. Бир бакчаны, бир заводду, ошондой эле Шопоковдогу 10 млн долларлык базаны 7 миң долларга алган. 2011-жылы коррупцияга каршы иштеген балдар 586 миллионду төлөсүн деп бүтүм чыгарган”, - дейт атын атабаган аксакал.


Дагы бири Пирматовго мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда кылмыш иши козголуп, бирок депутаттар анын кол тийбестигин алууга макул болбой койгонун билдирген. “Атамбаевдин убагында ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова Пирматовдун кол тийбестигин ала албай койгон. Ошондон бери депутат болуп иштеп келет. Бир эле адам мамлекеттин 586 миллион акчасын уурдай берсе өлкө качан бутуна турат?”, - деп айткан.


Ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бул боюнча тапшырма берилерин, жакын арада текшерүү башталарын убада кылган эле. Кызык, Пирматов экономикалык мунапыс мөөнөтүндө мамлекетке ошол 586 миллонду кайтардыбы? 



Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Темике
Эмдигиче качып кетсе керек. Эгер качпаса жаны бийликтин тилин тапкан болот
Чаткалдык
Биздин райондо алтын кендерин басып алган. Экологияга зыян келтирген. Жоопкерчилик каралсын
Тимур
500 млн доллар байлыкты кантип тапканын текшеришсин
Совет
Кыргызнефтигазды уурдаган. Турмого отургуза алабы Садыр?
Белек
Турмого срочно!