Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Исхак Раззаковдун 113 жылдыгына арналган дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

24.10.2023 11:43
256
Исхак Раззаковдун 113 жылдыгына арналган дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)


Коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков атабыздын 113 жылдыгынын алкагында уюштурулган поэзия жана дилбаяндар конкурсунда жалпы республикабыз боюнча 9-10-11-класстын окуучулары арасында конкурс абдан жогорку деңгээлде өттү. Мындай маалыматты Исхак Раззаковдун 113 жылдыгын өткөрүүнү уюштуруу (1973-2023-ж. Лейлек-Сүлүктү) тобунун жетекчиси Эркинбек Жороев билдирди.

Бул конкурска жүздөгөн окуучулар өздөрүнүн акындык өнөрүн, Исхак Раззаковго болгон ой-толгоолорун билдирип, ырларын, дилбаяндарын жиберишти. Атайын түзүлгөн комиссия ар бир эмгекти кылдат карап, жыйынтыгын чыгарышты.

Дилбаяндар конкурсунун жыйынтыгы жана жеңүүчүлөргө берилүүчү акчалай сыйлык:

1-орун – 7000 сом

Джумагулова Раяна - Баткен облусу, Сүлүктү шаарындагы Н. Кушматов атындагы №9 гимназиянын 9-классынын гимназисти

2-орун – 5000 сом

Үсөнова Алтынай - Чүй облусунун Жайыл районундагы инновациялык Новониколаевка гимназия орто мектебинин 10-классынын окуучусу

3-орун – 3000 сом

Баткен облусу, Лейлек району, Кулунду айылы, В.И. Ленин орто мектебинин окуучусу

Кызыктыруучу сыйлыктардын ээлери:

Турдубекова Бегимай – Лейлек району, Тайлан айылы

Салиева Перизат – Лейлек району, Раззаков айылы

Халбеков Рысбек – Сүлүктү шаары

Калдарова Жамила – Чүй облусу

Поэзия конкурсунун жыйынтыгы жана жеңүүчүлөргө берилүүчү акчалай сыйлык:

1-орун – 7000 сом

Мансурбаева Аяна - Лейлек районунун Голбо айылындагы Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу

2-орун – 5000 сом

Джалалов Эржан - Лейлек районунун Тайлан айылынын “Тайлан” орто мектебинин 10-классынын окуучусу

3-орун – 3000 сом

Эркинова Сезимай - Ош облусунун Кара-Суу районундагы №101 К. Момбекова орто мектебинин 10-классынын окуучусу

Кызыктыруучу сыйлыктардын ээлери:

Самиева Айзат – Сүлүктү шаары

Саипова Наргиза

Сүйүнбаева Асема – Лейлек району, Голбо айылы

Азимова Сезим – Тайлан айылы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн