Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Исхак Раззаковдун мезгилинен бери келе жаткан салтты бузгусу келди. Эрбол Султанбаев президенттердин жолугушуусу тууралуу түшүндүрмө берди

20.02.2023 14:28
413
Исхак Раззаковдун мезгилинен бери келе жаткан салтты бузгусу келди. Эрбол Султанбаев президенттердин жолугушуусу тууралуу түшүндүрмө берди

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кыркы окуяларга жана коомчулуктагы ар кандай талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берди.


Султанбаев Президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда мурунку президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок экенин так айтканын билдирди.


"Президенттин негизги максаты – чыныгы улуттук консолидация, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн биригүү.


Өлкөнүн бардык жетекчилеринин кемчиликтери бар. Эл аларды жакшы билет. Ошону менен бирге жакшы жактарын да эстен чыгарбайлы. 


Эгер Алмазбек Атамбаев тууралуу айта турган болсок, биз ал башкарган убакытта позитивдүү учурлар дагы болгонун унутпашыбыз керек. 


Тилекке каршы, учурда коомчулук арасында жана социалдык түйүндөрдө мурдагы президенттердин, учурдагы бийликтин жана башкалардын тарапкерлеринин ортосунда талаш-тартыш уланууда. 


Буга байланыштуу бардык тараптарды өз күчү менен энергиясын өз ара мамиле териштирүүгө эмес, Мекенибиздин бакубаттуулугу үчүн жаратмандыкка багыттоого чакыргым келет. 


Президент Жапаров Исхак Раззаковдун убагынан бери келе жаткан – өлкөнүн бардык кийинки жетекчилери жаман нерселердин баарын өзүнөн мурункуларга жабыштырган адатты бузуп салгысы келет.


Бул президенттердин жолугушуусунун негизги максаты болгон жана анын мындан башка жашыруун мааниси жок",- деп айтылат Султанбаевдин билдирүүсүндө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн