Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ишкер Илгиз Шаменов жана Орозайым Нарматова Москвада кармалып, бүгүн Бишкекке алынып келет

28.10.2022 13:09
443
Ишкер Илгиз Шаменов жана Орозайым Нарматова Москвада кармалып, бүгүн Бишкекке алынып келет

Москвада кармалганы айтылып жаткан "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова менен бирге ишкер Илгиз Шаменов да кармалган. Бул тууралуу Илгиз Шаменов социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, аларга бийликти курал-жарак менен басып алууга аракет кылуу беренеси коюлган. 


Шаменов аларды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзү Кыргызстанга берүүнү суранган.


 "Бүгүн саат 15:00дө Бишкек убактысы боюнча, аэропортко конобуз. Бизди өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердей эле Ташиев өзү барып, Москвадан бизди бергиле деп сураныптыр. Бизге бийликти курал-жарак менен басып алуу беренесин коюшуптур жана эл аралык издөөгө беришиптир",- деп билдирүү калтырган Шаменов.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн