Ишкерлер санитардык нормаларды сактабаса айып пул салынып, мекемеси убактылуу жабылат. Мындай пикирин вице-мэр Айжан Чыныбаева брифингде билдирди.
"Эгерде ишкерлердин мекемесинен инфекциянын очогу аныкталса же жайлар санитардык талаптарга жооп бербесе, анда алардын ишин убактылуу чектөө менен айып салынат", - деди Чыныбаева.
Ошондой эле вице-мэр бардык шаардыктарды санитардык-эпидемиологиялык тартиптерди сактоого чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн