Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Ата районунда күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

18.04.2023 15:55
263
Ысык-Ата районунда күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу аракеттерин улантууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.



Маалыматка ылайык, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары тарабынан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча тиешелүү иштер улантылууда.


2023-жылдын 16-апрелинде Ысык-Ата районунун Хун-Чи айылында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 4 тонна солярка сатып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жараны У.И.С кармалып, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн ага 17500 сом айып салынды. Мындан тышкары, ошондой эле КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 316-беренесинин (Товарларды, анын ичинде мунай заттарын жүгүртүү тартибин бузуу) алкагында 12 500 сом айып тагылды.


Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын инспекторлору келтирилген материалдык чыгымды иликтеп, аныкталган зыянды мамлекеттин пайдасына толтуруу үчүн чогултулган материалдарды Ысык-Ата районунун сот органдарына өткөрүп берүү маселесин кароодо. 

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн