Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Люксембург айылында жайгашкан Я.Ваккер атындагы орто мектептин чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тилсиз жоо бүгүн катталып, аны өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылган.
Ленин көчөсүндө жайгашкан билим берүү уясынын чатырынан чыккан өрт саат 14:40та чектөөгө алынып, саат 14:54тө толугу менен өчүрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн