Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өрттөн төрт адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, 13-декабрда саат 14.30 чамасында Новопокровка айылынын түштүк тарабындагы сарайдан өрт чыккан. Болжолдуу өрттүн аянты 320 чарчы метрди түзөт.
Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза болгон: 25 жаштагы кыз, төрт жаштагы кыз ошондой эле 6 жана 3 жаштагы эки эркек бала.
Өрт саат 20.47де гана толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн