Бүгүн, 17-майда Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында кылмышка шектүүлөр менен күч структураларынын кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыккан.
24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып, Дмитриевка айылында кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда алар курал менен каршылык көрсөткөн. Мындан улам эки тарап ортосунда атышуу болууда.
Кылмышка шектүүлөр каршылык көрсөтүп жатканы айтылууда.
Мындан тышкары Дмитриевка айылынын жолу жабылган.
Аталган окуя боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы азырынча расмий маалымат тарата элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн