Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:50
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Кѳлдѳгү постто кѳзѳмѳлдү күчѳтүп, элдин жүрүүсүнѳ чектѳѳ киргизүү сунушталды

06.07.2020 15:32
2452
Ысык-Кѳлдѳгү постто кѳзѳмѳлдү күчѳтүп, элдин жүрүүсүнѳ чектѳѳ киргизүү сунушталды


Ысык-Кѳл райондук ыкчам штабдын мүчѳлѳрү жана Ысык-Кѳл районунун аймагында жайгашкан эс алуу жайларынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын ѳтүп, бир нече чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. 


Маалыматка караганда, анда элден түшкѳн кайрылууларды кароо, учурдагы кырдаалга байланыштуу эс алуу жайларынын иштѳѳсү, райондо чектѳѳ киргизүү жана коронавирус инфекциясына каршы иштерди уюштуруу маселелери каралды. Ошондой эле, жыйында туристтик мезгилди токтотуу, кѳлгѳ келүүчү жарандарга чектѳѳ киргизүү же болбосо кѳлдү толугу менен жабуу элдин талабы болуп жатканы айтылды. 


Ошол эле учурда ишкердиктин субъектилери тарабынан кѳлдү жабуу чечими бизнеске чоң зыян тийгизип, ошол эле тармакта жергиликтүү эл иштеп, каражат табуу, үй-бүлѳсүн багуу, мамлекетке салык тѳлѳѳ маселесине терс таасирин тийгизе тургандыгы айтылды. Мамлекетибиз оор экономикалык абалда турган учурда, ишкердикти жабуу, туура эмес чечим болоору айтылды.


Жогоруда айтылган сунуштарды талкуулап, жыйында тѳмѳнкү чечим кабыл алынды:


1. Ар бир эс алуу жайы бардык санитардык талаптарды аткаруу менен иш жүргүзүү жана кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнѳ карата 30%дан кем эмес обсервацияга орун даярдоо;


2. Облустук ѳнүктүрүү фондусунан ИВЛ жана башка дем алдыруучу аппараттарды алуу боюнча кайрылуу жасоо;


3. Райондогу санаториялардын дарыгерлерин, медицина кызматкерлерин кырдаал коопту болуп кетсе, жалпы ишке тартуу каралсын;


4. Эс алуу жайларынын жетекчилери мүмкүнчүлүккѳ карата жардам берүү, бирге иш жүргүзүү жагы сунушталсын;


5. "Ак кеме" посттун ишин күчѳтүү, муктаждыгы жок республика, облус ичинде элдин жүрүүсүнѳ чектѳѳ киргизүү жагы облустук штабка сунушталсын.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн