Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 07:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ысык-Көл мейманканасын бузуу: Президенттин маалымат катчысы Адахан Мадумаровго жооп кайтарды

27.12.2021 14:41
1053
Ысык-Көл мейманканасын бузуу: Президенттин маалымат катчысы Адахан Мадумаровго жооп кайтарды

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Ысык-Көл» мейманканасынын имаратын бузуу боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго жооп кайтарды.


Султанбаев 27-декабрда тараткан билдирүүдө мейманкананын имараты жараксыз абалга келип, аны оңдоого кетчү каражатка жаңы имарат курса болору айтылган. Ошондой эле «Ысык-Көл» тарыхый эстеликтердин тизмесинен чыгарылганын билдирди.


«Адахан Мадумаровдун мамлекеттик, саясий же коомдук ишмердүүлүгүндө бир да жолу аталган мейманкананы оңдоо боюнча демилге көтөргөнүн эстей албайбыз. Саясатчы ар бир актуалдуу темадан чуу жараткысы келгендей сезим калтырат».


Эрбол Султанбаев бул долбоорду куруу үчүн чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу боюнча маселе күн тартибинде жок экенин кошумчалады.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Руслан
Жаңы нерсе салыш керек эскини бузуп