Ысык-Көл облустук ооруканасына кычкылтек концентраторлору керек. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Айман Темировна билдирди.
Анын айтымында, ооруканага оор абалдагы бейтаптар түшүүдө.
"Бизде индивидуалдуу коргонуучу каражаттар жетишкени менен азыр биз кычкылтек концентраторлоруна абдан муктаж болуп жатабыз. Бейтаптар оор абалда түшүп жатат. Бизге кычкылтек концентраторлорун алууга жардам бергиле", - дейт дарыгер.
Ал эми жарандык активисттер облустук ооруканага кычкылтек концентраторлорун алуу үчүн каражат чогултуп жатышканын жана каалоочулар 0709400020 ЭЛСОМ номуру боюнча жардам көрсөтө алышарын билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн