Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:31
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Ысык-Көл облусунда сел жүрдү

12.08.2024 10:53
731
Ысык-Көл облусунда сел жүрдү


Ысык-Көлдө сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суулар көчөлөрдү каптаган.

Ошондой эле Бостери, Бактуу-Дөлөнөтү айылдарынын бир нече көчөлөрүн жана Булан-Сөгөттү айылын сел суулары каптаган.

Жерине ӨКМдин Ысык-Кѳл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматынын күч каражаттары тартылууда.

Куткаруучулар тарабынан Бактуу-Дөлөнөтү айылынан 1 үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн