Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына стационардык кычкылтек берүү станциясы орнотулуп баштады. Бул тууралуу райондук администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кычкылтек берүү станциясы 75 орунга эсептелген.
"Райондук ооруканадан тышкары Ананьев айылындагы ооруканага дагы кычкылтек берүү станциясы орнотулат. Бул иштер аяктагандан кийин бул жерде колдонулуп жаткан кычкылтек концентраторлору бошоп, башка стационарларга пайдаланууга берилет", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн