Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ысык-Көл райондук соту аялын сабап өлтүргөн айыпталуучуну сот залынан бошотту

07.06.2023 16:36
1186
Ысык-Көл райондук соту аялын сабап өлтүргөн айыпталуучуну сот залынан бошотту


Ысык-Көл райондук соту аялын сабап өлтүргөн айыпталуучуну бошотту. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында «Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова билдирди.


«50 жаштагы киши мас абалында 44 жаштагы аялын мыкаачылык менен сабап, мээсине операция жасалганына карабай ооруканада каза болгон», - деди Рыскулова.


Анын айтымында, сот айыпталуучу кылмышты билбеген абалында жасаган деп эсептеп, эки жылга эркинен ажыраткан. Соттолуучу тергөө жана соттук териштирүүдө СИЗОдо өткөргөн убактысын эске алуу менен сот залынан бошотулду.


Ал белгилегендей, бул иш боюнча жүргүзүлгөн биринчи экспертиза айыпталуучу өз аракетинен кабардар экенин тастыктады. Экинчиси, анын жактоочуларынын өтүнүчү боюнча ишке ашырылган, кумарлануу абалына өкүм чыгарды. Маркумдун үй-бүлөсү өкүм боюнча жогорку инстанцияга даттанууга ниеттенүүдө.


Эске салсак, каргаша былтыр 9-майда Бостери айылында болгон. 50 жаштагы киши мас абалында аялын мыкаачылык менен сабап, башына жана ашказанына сабаган. Аял эсин жоготкондо ал төшөккө жатып алган. Жабырлануучуну баласы эртеси көргөн. Ал ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин аракетине карабай 44 жаштагы аял эсине келбей ооруканада каза болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн