Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көл районуна медиктер жетишпей жаткан, - вице-премьер

29.07.2020 14:02
919
Ысык-Көл районуна медиктер жетишпей жаткан, -  вице-премьер


Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында чындыгында медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги бар болчу. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова 29-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, мындан улам Бишкек шаарынан медиктер жиберилген. 


"Чолпон-Ата шаарында «Алтын Балалык» пансионатында жана шаардык ооруканада стационарлар ачылган, бирок медициналык кызматкерлер жетишпей жаткан. Бул коронавирус жуктурган адамдардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаарынан дарыгерлерди жана реаниматологдорду жиберген", - деди ал. 


Анын айтымында, Бишкектен барган дарыгерлер учурда "кызыл зоналарда" иштеп жатышат. 


"Мындан тышкары россиялык дарыгерлердин тобу Ысык-Көл облусунда иштеп жатышат. Алар дагы биздин кызматкерлерге жардам беришүүдө", - деди ал. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн