Бугу 22, 2025
Убакыт: 05:27
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.080
1.110

Ысык-Көл районунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

06.07.2022 13:28
656
Ысык-Көл районунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды


Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы курулуштун пайдубалына капсула салуу аземине аталган фонддун директору, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

"Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүү фондусунан каржыланат. Жалпы тендерлик баасы 73 млн 525 миң сом. Бала бакча 2 кабаттан туруп, 140 орундуу болмокчу. Ошондой эле бардык керектүү эмеректер жана жабдыктар менен камсыз болот", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, имараттын курулушу жергиликтүү бийликтин сунушунун негизинде колдоого алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн